2023-жылдын 13-март күнү Нарын районундагы мектептердин жетекчилери үчүн «Үзгүлтүз кесиптик өнүгүүнү камсыздоо» темасында онлайн вебинар болуп өттү.
Вебинарда мектеп жетекчилиги тарбынан мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн камсыздоого жетекчиликтин катышуусу жана камсыздоосу жөнүндө айтылды. Мындан сырткары мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуудагы мектеп жетекчилиги, райондук билим берүү бөлүмү жана мугалимдердин билимин жогорулатуу борбору менен кызматташуунун ролу жөнүндө айтылды.