2024-жылдын 4-декабрында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн иш планына ылайык , Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы «Өрнөк» балдардын чыгармачылык билим борборунда «Өнөрү менен эл болот, Өнүккөн жерге тең болот» аттуу облустук семинар болуп өттү.
Семинардын максаты: Окуучулар чыгармачылыктын коомдогу жана адамдын жашоосундагы ролун түшүнүп, өздөрүнүн чыгармачылык потенциалын өстүрүүгө жана аны коомдук өнүгүү үчүн пайдалануу жолдорун өздөштүрүүгө тарбиялоо, багыттоо.
Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова, облустук, райондук мекемелерден келген өкүлдөр борбордун иши менен таанышышты.
Семинарда 4 ийрим боюнча ачык сабактар өтүлүп, мастер класстар көргөзүлдү.
«Комузду оңой үйрөтүүнүн жолдору» ,«Жүн менен иштөөнүн инновациялык ыкмалары», «Гратаж» техникасы менен сүрөт тартууну үйрөтүү» ,«Өрмөк согуу ыкмалары» багытындагы ийрим мугалимдери заманбап усулдарды колдонуп, креативдүү сабактарды, мастер класстарды зор чеберчилик менен өтүп беришти.