ӨРӨӨДҮК СЕМИНАР

Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде 2023-жылдын 7-декабрында ѳрѳѳндүк  семинар болуп ѳттү.

Семинардын темасы:   «Окуу маалыматын берүүнүн жана кабыл алуунун жолдору, ѳзгѳчѳлүктѳрү».

Семинардын  максаты:  Окуу процессинде жаӊыча окутуу технологияларын жана методдорун, заманбап таалим-тарбия берүүнүн жаӊыча ыкмаларын колдонуу механизмдерин түзүү

Инсанга багытталган  дизайн ой-жүгүтүү,    STEM  багытында  интеграцияланган ачык  сабактар,   ата-энелер үчүн Ѳспүрүмдѳрдүн  үй-бүлѳдѳгү   орду ”, “Электрондук   китеп- мектепте жана үйдѳ” деген темалар ѳтүлдү.  Азыркы замандын талабына ылайык мугалимдерге “Интерактивдүү мультимедиялык тапшырмаларды түзүү боюнча Worldwall, LearningApps, Flippite.net, Umaigra платформалары” жаӊы   технологияларды    жана платформаларды   колдонуу  боюнча сабактар ѳтүлдү.  Семинарга  Эмгекчил ѳрѳѳнүнѳн   А.Табалдиев, Т.Байсалов, А.Тыныбек у, Ж.Ѳмүралиев,  М.Иманалиев, Т.Усупбек у,   М.Кенжакунов мектептеринен  25 мугалим катышты.  Нарын райондук билим берүү бѳлүмүнүн башкы усулчусу  Б.Исакова  жана усулчу С.Сыдыкбаева  катышты.  Семинар жогорку денгээлде  ѳтүлдү деген  бааларын беришти.

 

Добавить комментарий