2022-Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында, «7-апрель Элдик революциясынын 12 жылдыгына» карата Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «ӨРТ ЖИГИТТЕР, ЧАГЫЛГАНДАЙ ЖАНДЫҢ ДА, ӨЧПӨЙ КАЛДЫ ЫСЫМЫҢАР САН ЖЫЛГА!» аталышында райондук деңгээлдеги эскерүү иш чарасы болуп өттү.Эскерүү иш чаранын негизги максаты: 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз эли үчүн башын байлап,окко учкан эр азаматтардын эрдиктерин,өлкөдө адилеттүүлүк орнотуу үчүн жасалган Апрель окуясынын маанисин даңазалоо жана окуучуларды Ата мекенин көздүн карегиндей сактоого,патриоттуулукка тарбиялоо.
Алгач,эскерүү иш чарасы Тянь-Шань паркындагы 7-апрель баатырларына арналып тургузулган эстелик астына гүлчамбарларды коюу менен башталды,андан соң курман болгон баатырларга куран окулду.
Эскерүү иш чарасына: Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Орозказиева Анара Жээнбековна,Нарын райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Мамбетисаев Алтымыш агай,Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун усулдук кабинет башчысы Таранчиева Гүлмира Жолчубаевна,Апрель революциясынын катышуучулары,курман болгон баатырлардын ата-энелери,мектеп,бала бакча жетекчилери жана мугалимдер катышты.Иш чараны уюштурган жана даярдаган бөлүмдүн методисти Орозалиева Бурул Асановна.