Нарын районунда 1-сентябрь Билим күнүндө бардык жердегидей эле 1-класстар үчүн алгачкы конгуроо кагылып салтанаттуу иш чара болду. “Кыргыз жараны –жарандардын биримдигинин негизи” аттуу салтанаттуу иш чара жана 1-сабактар жогорку денгээлде өтүлдү. Салтанатка окуучулар, педагогикалык жамаат, ата-энелер, коомчулук толук катышты. Жалпы районубузда 34 мектеп жана 35 бала бакчага балдар толук келди. Жалпы мектептерде окуучулар учурдун талабына ылайык формалар менен мектепке келишти. Айтып кетсек А.Жутакеев атындагы орто мектебинде техника илимдеринин кандидаты профессору Кошой Иманалиевдин ысымы химия кабинетине берилди. Кошой Иманалиевдин үй- бүлөсү тарабынан класстын ичи заманбап жасалгаланды. Кабинетти ачуу аземине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары А.Орозказиева жана Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулары, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Бул да болсо келечек муундарына камкордук десек болот. Мугалимдерибиз быйылкы окуу жылында жаныланууну колго алышып, алдыга бийик максаттарды коюу менен коомго окуучу толук кандуу аралашып кетүүсүнө, же болбосо, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмдөрдү жана билимдерди алуусуна шарт түзүп жатышат.
Рубрики
Архивы
- Май 2024
- Апрель 2024
- Январь 2024
- Декабрь 2023
- Октябрь 2023
- Сентябрь 2023
- Август 2023
- Июль 2023
- Июнь 2023
- Май 2023
- Апрель 2023
- Март 2023
- Февраль 2023
- Январь 2023
- Декабрь 2022
- Ноябрь 2022
- Октябрь 2022
- Сентябрь 2022
- Июль 2022
- Май 2022
- Март 2022
- Февраль 2022
- Январь 2022
- Декабрь 2021
- Ноябрь 2021
- Октябрь 2021
- Сентябрь 2021
- Март 2020
- Февраль 2020