КЕЧӨӨКҮ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР — БҮГҮНКҮ, БИЛИМ БЕРҮҮ БЕРҮҮНҮ ЖАКШЫРТУУГА САЛЫМ КОШУУДА!

2022-жылдын 12-ноябрь күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинде «КАДАМ» интеллектуалдык оюндарды уюштуруу клубу тарабынан ушул эле мектептин жана өрөөндүн мектептеринин окуучуларына «Акыл майданы» оюну уюштурулду. Оюн 7 категориядан туруп, эки оюн өткөрүлдү. Биринчи оюн Түгөл уулу Усупбек атындагы мектептин 7 командасы, 2-оюн Эмгекчил өрөөнүндө жайгашкан мектептерден келген 7 команда арасында кызыктуу оюн болду. Алдыңкы орундарды камсыз кылган топторго диплом жана Оттук айылынын тургундарынын демөөрчүлүгү менен алынган китептер тапшырылды.

Эске сала кетсек «КАДАМ» клубу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулуп, бир канча жылдан бери карай билим берүүнү жакшыртууга салым кошуп келүүдө.

Мектеп ичинде өткөң сынакта биринчиликти «АРУУ» тобу, 2-орунду «ВИКИПЕДИЯ», ал эми 3-орунду «IQ» командасы багындырды. Ал эми Өрөөндүк оюнга Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептин командасынан башка мектептердин командалары катышып, 1-орунду «БАЙСАЛОВ», экинчиликти «ДИЛГИР» жана 3-орунду «БИР КҮЧ» топтору багындырышты.

Иш чарага, Эмгекчил өрөөнүнүн мектептеринен келген өкүлдөр, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн келген өкүлдөр, окуучулар жана мугалимдер катышты.

Окуучулардын билим алууга болгон шыктануусун жакшыртууга салым кошкон Түгөл уулу Усупбек атындагы  орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнөн куралган «КАДАМ» клубуна терең ыраазычылык билдиребиз.

Усупбекстан медиа борбору

Добавить комментарий