Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунун алкагында окуучулар жана ата-энелер арасында «Фин-чилистен» сынагы өткөрүлдү. Сынак балага келечекте финансылык туура чечимдерди кабыл алууга, өз акчасын туура колдонгонго, туура максат коюуга жана жетүүгө жардам берүү максатында китепканачы Д.Эсенкулова тарабынан уюштурулуп, 3-4-5-класстын класс жетекчилери классы менен бирге жогорку денгээлдеги даярдык менен катышышты. Жыйынтыгында 3-класстын окуучулары катышкан «Чыгаша»тобу алдыңкы орунду камсыз кылса, 4-класстын окуучуларынан турган «Аманат » жана 5-класстын окуучуларынан турган «Киреше» тобу жигердүү катышышты. Алдынкы орунду ээлеген ата-эне жана окуучуларга кызыктыруучу белектер берилди.