ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК — БҮГҮНКҮ КҮНДҮН ТАЛАБЫ!

2022-жылдын 14-19-ноябрь аралыгында Нарын шаарындагы Үзүлтүксүз Кесиптик билим берүү мектебинин «Нарын ишкердик борборунда»  Жаш ишкерлерди көндүмдөргө даярдоо жана колдоо максатында өткөрүлгөн финансылык сабаттуулук боюнча беш күндук окуу тренинги болуп өттү. Бул иш чарага  Нарын районунан мектеп, бала бакча директорлору, мугалимдер, окуучулар болуп жалпы 10 киши катышып, сертификатка ээ болушту.

Катышуучулар финансылык сабаттууулук, ишкердикти жүргүзүү жолдору боюнча маалымат алышты.

Аталган иш чаранын уюштуруучуларына, демөөрчү донорлорго жана семинарга катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берген Агахан фондусуна терең ыраазычылык билдиребиз!

Даярдаган:  Элизат Мендибаева

 

Добавить комментарий