«Нарктуу жаран-улуттун жүзү»

     2022-жылдын 22-ноябрында М.Кенжакунов атындагы орто мектебинде «Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү» буйруктун негизинде «Нарктуу жаран-улуттун жүзү» аталышындагы иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө улуттук нарк-насилибиздин жана улуттук баалуулуктарыбыздын кылымдан кылымга,атадан балага өтүп келе жаткан руханий дөөлөт экендиги жана руханий баалуулуктар жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.»Өмүр бизден өтүп кетсе,эл эмгектен эскерсин»демекчи,Кайыңды айылынан чыккан атактуу инсандар тууралуу айтылып, М.Кенжакунов атабыздын эли үчүн жасаган эмгеги даңазаланып,концерттик программа менен коштолду.

Бүбүкан Макилова

мектептин директору

 

 

Добавить комментарий