МЕКТЕПТЕР 2030 — МУГАЛИМДЕРДИН КАМЫНДА

2022-жылдын 5-6- декабрь  күндөрү Агахан фондусу жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан  «Мектептер — 2030» долбоорунун алкагында «4-9-класстардагы окуп түшүнүү сабактары, суроо тапшырмалар анын түрлөрү» аталышында мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга арналган семинар болуп өттү. Семинарды Ош мамлекеттик университетиндеги мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Джороев Ташболот алып барды. Семинар учурда актуалдуу маселе катары коомчулуктун көңүл борборунда турган PISA сынагынын талаптарын камтыган окуучулардын сынчыл ойломун өстүрүү, өз алдынча чечим чыгарууга багыттоочу тапшырмаларды иштеп чыгууга багытталды. Аталган семинарга Нарын району, Нарын шаары жана Ат-Башы районунан 40 катышуучу кесиптештер катышты. Катышуучулар семинардын аягында терең ыраазычылык билдирип, семинарды өтө кызыгуу менен кабыл алышты. 

Аталган иш чарага байланыштуу Ош мамлекеттик университетиндеги мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Джороев Ташболотко, долбоордун улуттук жана регионалдык координаторлоруна терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий