КОШУМЧА КАНИКУЛ — ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУ ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК ҮЧҮН!

     Нарын районундагы мектептер мектеп, окуучулар жана ата-энелердин кызматташуусун жакшыртуу максатында кышкы каникул мезгилин кызыктуу оюндар менен  өткөрүп жатышат.                                           

     Атап айтсак, Кайыңды  айылындагы  Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде   кыштын ызгаардуу суугуна карабай ата-эне,окуучу,мугалимдин катышуусунда үч тараптуу «Дени сак муун —  өлкөнүн келечеги» аталышындагы кышкы оюн өткөрүлдү. Бул оюнга «Алга», «Ак Шумкар», «Кайыңды», «Шамдагай» командалары катышып, жакшы оюн көрсөтүшүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулай алышты.
     Жыйынтыгында 1-орунга «Ак Шумкар» командасы, 2-орунга «Алга» командасы ээ  болуп, уюштуруучулар тарабынан даярдалган грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.
Оюнду уюштурган табигый-математикалык бирикмесине жана калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий