«КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ» ДОЛБООРУ НАРЫН РАЙОНУНДА!

«Келечек үчүн билим берүү » долбоорунун алкагында Нарын районунун 18 мектебине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан компьютердик жабдуулар берилди.

   Нарын району боюнча жалпы мектептерге 378 даана компьютер, 108 даана проектор, 18 даана 1/3 принтер, 36 даана коммутатор, 18 даана электр тогун жөнгө салуучу жабдуу алынып берилди.

      Бул долбоордун максаты балдардын санариптештирүү доорунда татыктуу билим алуусуна шарт түзүү болуп саналат. Мамлекеттин келечек муундарга жасаган аракети эч качан текке кетпейт деп эсептейбиз. Мындай колдоолор мугалимдер жана окуучулар үчүн абдан чоң мотивация болот.

Келечек муундарга кам көрүү аракетиңиз үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Мамбетакунов Улан Эсенбековичке Нарын районунун билим берүү бөлүмү тарабынан терең ыраазычылык билдиребиз! Ишиңизге ийгилик, ден-соолук каалайбыз.

Добавить комментарий