Нарын районунун Чет-Нура балдар бакчасында мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн түзүлгөн «Ата-энелер мектеби» программасынын негизинде, ата-эне, бала жана бала бакчанын ортосунда мамилени жакшыртуу максатында семинар болуп өттү.
Семинарда тарбиячысы К Акылбек кызы тарабынан «1-3 жашка чейинки балдардын психофизиологиялык өзгөчөлүктөрү жана аларды тарбиялоо жолдору» деген темада сабак өтүлдү. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнун башчысы Гүлбарчын Исакова, методист Бурулсун Исакова келип катышты.
Семинар жогорку деңгээлде болуп, ата-энелер ыраазычылыктарын билдиришти.
Элизат Мендибаева
Бала бакчанын директору