4-апрель күнү «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик — техникалык академиясы тарабынан уюштурулган «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу Нарын облусунун форуму болуп өттү.

Форум окуучуларды илимге, өнөктөштүк жана инновациялык ишмердүүлүккө тартуу, жөндөмдүү балдарды колдоо, чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында «Алтын түйүн» балдардын инженердик техникалык Академиясынын Нарын облустук филиалы тарабынан өткөрүлдү.

Аталган форумга Нарын районунан дагы бир катар командалар катышып бир катар ийгиликтер жарата алышты.

Белгилей кетсек, Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинен 8-класстын окуучусу Уланбеков Бекбол жана 7-класстын окуучусу Эстебесов Элмырза  катышып, «Автоматташтырылган радио жана телекоммуникация»  номинациясы боюнча Уланбеков Бекбол 3-орунду камсыз кылды, жетектеп алып барган мугалими  Кулмамбетова Алина

Мукаш Мамбетов атындагы орто мектебинен 8-класстын окуучусу Нурланбек кызы Салима катышып, «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар» номинациясы боюнча 2-орунду камсыз кылды, жетектеп алып барган мугалими  Нарынбаев Азамат.

Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинен Таалайбеков Нурсултан «Автоматташтырылган радио жана телекоммуникация»  номминациясы боюнча 1-орун, «Жаңы технологиялар жана ойлоп табуулар» номинациясы боюнча Өзгөрүшов Баатырбек 1-орун, Мукашов Кенжебек 2-орун,  Дөөткулова Айсанат «Маалыматтык технология» номинациясы боюнча 3-орун камсыз кылышты. Даярдаган мугалими Сасыкулова Назгүл

Мурат Осмонов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Токтоболот уулу Нурбакыт 1-орун, Эдилбекова Аделина диплом менен сыйланды. Даяярдаган мугалими Карагулова Нарынкүл

Ийгилик жараткан конмадаларга сынактын эл аралык баскычынан дагы ийгилик жаратат деген ишеним менен даярдап алып чыккан мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз!

Нарын райондук билим берүү бөлүмү

Добавить комментарий