Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 23-февраль китеп күнүнө карата ата-энелердин китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Сынакка Нарын райондук администрациясынын акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гулбарчын Исакова келип күбө болушту.
Бул сынак мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн түзүлгөн «КадамПро» клубу жана «АЭК» ата-энелер комитетинин «Интеллект» борбору тарабынан уюштурулуп, жалпы 80жен ашуун ата-эне катышып, Г. Петровдун «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» китебинин негизинде тапшырмалар даярдалган.
Нарын райондук администрациясынын акимдин орун басары Анара Орозказиева сынактын жүрүшү тууралуу өз оюн билдирди:
«Китеп сынагында ата-энелер өзүлөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, буга чейин мектептин жамааты менен биргеликте иш жүргүзбөгөндүктөрүн, мындан ары мугалимдер менен тыгыз байланышта иш алып барууларын, келечек муун болгон балдарыбызга көңүл бөлүп, балдарыбыздын бир канаты мугалимдер, бир канаты ата энелер болуп, балдарыбызды ар тараптан колдоорун белгилешти. Балдарыбызга мектепке болгон сүйүүсүн ойготуу, билимге сугарып, билимге болгон кызыгуусун ойготуу менен ар дайым жакшы иштерге эгедер болоорун баса белгилешти.»
Сынак үч этаптан турду. Биринчи этабы жылдар катериясы, экинчи туру каармандар категориясы жана үчүнчү турунда ата-энелер «Китеп кандай таасир калтырды?» деген темада презентация кылышты.
Презентация учурунда айрым ата-энелер китеп окуудан алыстап кеткенин айтышса, кээ бирлери финдерди кыргыздарга салыштырып ардангандарын айтышты. Ар бир класстын ата-энелери мектеп менен коомчулуктун байланышын чыңдоо жана балдардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында ар кандай иш-чараларды сунушташты. Айрым ата-энелер китеп окуу сынактарын өткөрүүнү каалшса, айрымдары ишембилик уюштурууну, энелер мектебинин ишин улантууну сунушташты.
Сынактын жыйынтыгында 1-орунду 8-а классынын окуучуларынын ата-энелери камсыз кылып, Бишкек шаарына экскурсияга жолдомо утуп алышты. 2-орунду 5- а классынын ата-энелери камсыз кылып, Нарын шаарына экускурсияга жолдомо утуп алышты, ал эми 3-орунду 7-а классынын ата-энелери камсыз кылып, класс үчүн канцелярдык товар белекке алышты.
«АЭК» уюмунун өкүлдөрү мугалим агай-эжейлерге ыраазычылык билидирип, атайын белектерин беришти. Уюмдун ишине ийгиликтерди каалайбыз!
Усупбекстан медиа борбору