Сапаттуу билим берүүнүн өзөгү — «Керемет окуу!»

2023-жылы 4-май күнү Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында “Окуу керемет!” долбоору-сапаттуу билим берүүнүн өзөгү»  деген темада облустук семинар болуп өттү.

Семинарга Нарын мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын шаарынын вице мери Эльнура Асангазиевна , Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы – Касымбек Мамытов, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинеттин башчысы Бурулсун Исакова, Нарын шаары, Жумгал, Кочкор, Ат-Башы, Жумгал, Ак-Талаа райондорунан билим берүүнүн өкүлдөрү катышты.

Семинардын негизги максаты, окуучулардын окуу көндүмдөрүн жана математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана изилдөө сабактарынын жыйынтыктары менен тажрыйба бөлүшүү. Семинар эки бөлүктөн туруп, жогорку денгээлде өттү. Семинардын биринчи бөлүгүндө башталгыч класстардын мугалимдери Асанова Минакан, Тагаева Майрамкүл, Шаршенбиева Женишкүл, Бексултанова Мейизгүл математика сабагынан ачык сабактарды өтүштү. Өз сабактарында “Моделдердин көптүгү”, “Түшүндүрүү жана негиздөө”, “ Көп денгээлдүү тапшырмалар” стратегияларын колдонуп өтүштү. Сабакта окуучулар аналитикалык көндүмдөрүн, логикалык ой жүгүртүүсүн жана чыныгы турмуштук жагдайларда жаралган күнүмдүк маселелерди чечүүдө математикалык билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтө алышты. Көркөм өнөр сабагынан Курманбек уулу Жолдошбек “Дарак кошо тартылган жаратылыш көрүнүшү” деген теманы “Предметти интеграциялап окутуу”стратегиясын колдонуп, жогорку денгээлдеги сабак өттү.Ал эми тарых сабагынан Каримова Мария “Кошой-коргон”шаарчасы деген темада изилдөө сабагын көрсөттү. Изилдөө сабагынын өзгөчөлүгү окуучулар Кошой-Коргон шаарчасын жерине барып изилдешип, жергиликтүү элден маалыматтарды чогултушуп, шаарчанын макетин жасашты. Ошондой эле Кошой коргон шаарчасы жөнүндөгү уламыштарды сүрөт искусствосунда да чагылдырып беришти. Жыйынтыгында кыргыз элибиздин тарыхый мурастарын сактап калуу максатында Кошой-коргон шаарчасынын жанына салынуучу этнокомплексти Майнкрафт программасынан жасап көрсөтүштү.

Информатика сабагынан Мөндүрбаева Индира мааламаттык сабаттуулук боюнча изилдөө сабагын көрсөттү. Бул сабакта окуучулар медиа сабаттулуктун актуалдуулугуна токтолушуп, фейк жана чыныгы маалыматтарды ажыратуунун бир нече жолдорун көрсөтүп беришти.
Семинардын экинчи бөлүгүндө Акматова Роза “Мектептер-2030” долбоорунун алгында жүргүзүлүп жаткан ийримдин окуучулары менен биргеликте “ Дени сак-математика” деген темада сабак көрсөттү.
Турсунбаева Кундуз “Окурмандык аракет жана окурмандык жөндөм”, Кадырова Назгүл жана Иманкулова Гулина “ Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты —  компеттенттүүлүккө багытталган окутуу, билим берүүдөгү жаны технологиялар” деген темада трениг өтүштү.
Семинардын сонунда музыка сабагынын мугалимдери Исманова Шайгүл, Келдибек кызы Жайна тарабынан даярдалган мектептин жаш таланттары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Семинарды жогорку деңгээлде уюштурган Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин жалпы жамаатына, мектеп жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз!

С.Сыдыкбаева — методист

Добавить комментарий