Мектепке чейинки курактагы балдардын адеп — ахлак маданиятын калыптандыруунун педагогикалык негиздери аттуу темада ата-энелер мектебин жыйынтыктоо иш чарасы өтүлдү.
Иш чарага Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, усулчулар Бурулсун Исакова, Роза Томотоева, Нарын районунун бала бакча директорлору, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана ошондой эле Чет-Нура бала бакчасынын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты. Иш чара бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнүн концерттик программасы менен аяктады.
Жалпы келип берген конокторго жана активдүү катышып берген ата-энелерге терең ыраазычылык билдирмекчибиз!
Бала бакчанын жетекчилиги