2021-2022-окуу жылында өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын олимпиадасы
2021-2022-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын II (райондук) баскычы Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин базасында 13-14-январында өткөрүлдү.
Олимпиаданын ачылышын Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, усулдук кабинеттин жетекчиси Исакова Бурулсун Абдыкадыровналар ачышып, мугалимдерге жана окуучуларга олимпиаданын шарттары боюнча түшүндүрмө беришип, окуучуларга ийгилик каалашты. Мектеп окуучулардын предметтик олимпиадасына жалпы 32 мектептен 10 предмет боюнча 216 окуучу катышып I, II, III орундарды камсыз кылышты. Предметтер боюнча олимпиаданын тапшырмалары саат 7.00 келип, жооптору 14.00 жиберилди. 1- орунду Садыкказы Мамбетов, Токтосун Байбураев, Түгөл уулу Усупбек, Баймоңол Кыязов, Керимбай уулу Сарыбай, Абылкасым Жутакеев, Муса Байдөөлөтов, Жусуп Иманалиев атындагы орто мектептеринин окуучулары камсыз кылышса, 2-орунду Токтогул Байсалов Актан Тыныбек, Эшбай Токсобаев, Жусуп Иманалиев, Казаалы Абиров, Бейшеналы Бекжанов Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектептеринин окуучулары, 3-орунду Кылыч Рысмендиев, Абылкасым Жутакеев, Мамбет уулу Дүрбөлөң, Жекшенбек Мамбетов, Муса Байдөлөтов, Жусуп Иманалиев, Алыш, Достук, Казаалы Абиров, Актан Тыныбек атындагы орто мектептеринин окуучулары камсыз кылышты. Олимпиаданын экинчи баскычы 14-январда жыйынтыкталды.