«Манас таануу» интеллектуалдык таймашы

2022-жылдын 5-мартында Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде райондук «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Таймашка 32 мектептен келген 44 топ катышты. Сынактын жыйынтыгы менен облустук таймашка М.Иманалиев атындагы орто мектебинин «Нуска»,Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин «Дил баян, Б.Кыязов атындагы орто мектебинин «Ой жайлоо»,»Азирет», Түгөл уулу Усупбек атындагы…

Толук окуу…

2022-жылдын 4-мартында Нарын районундагы Эмгек –Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектеби 3 имараттан туруп, 1-имараты 1960-жылы, 2-имараты 1971-жылы, 3-имараты 1988-жылы курулган. Аталган мектептин биринчи жана экинчи имаратынын көп жылдык эскилиги жеткендиктен авариялык абалда деген корутунду Нарын райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы АКТсынын негизинде чыгарылган. 2019-жылы 225 орундуу, эки кабаттуу, спорт…

Толук окуу…

Нарын районунун мектептеринде КР Мамлекеттик Туу күнүнүн 30 жылдыгы белгиленди.

2022-жылдын 3-мартында Нарын районундагы бардык мектептерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнүн 30жылдыгы  белгиленди. Окуучуларды биримдикке, ынтымакка, мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбиялоо максатында иш чаралар Мамлекеттик Гимнди ырдоо менен башталды.Мектептеги бардык класс жетекчилер 1-11-класстын окуучуларына “Түбөлүккө желбирей бер, эгемендик желеги” , “Кыргыз туусу  дайым турса желбиреп, демек элдин эгеменин билдирет” тарбиялык сабактарды өтүшүп,…

Толук окуу…

Нарын районундагы Калыгул Жусупов атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн семинар.

2022-жылдын 2-мартында Нарын районундагы Калыгул Жусупов атындагы орто мектебинде “Окуучулардын билим сапатын көтөрүү менен  мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу” темасында өрөөндүк семинар өткөрүлдү. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова, усулдук кабинеттин жетекчиси Бурулсун Исакова, Чет-Нура өрөөнүнүн жетекчилери  жана мугалимдери катышышты. Семинардын темасы: “Окуучулардын билим сапатын көтөрүү менен мугалимдердин…

Толук окуу…

Окуу бөлүм башчыларынын семинар- тренинги

Нарын   районундагы   Кеңеш айылындагы  Казаалы Абиров атындагы  орто мектебинде окуу бөлүм башчыларына  семинар-тренинг  болуп өткөрүлдү. Тренингди   Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинеттин башчысы  Исакова Бурулсун  өткөрдү. Семинар-тренингдин темасы: “Үзгүлтүксүз кесиптик  өнүгүү”  Тренингде-Үзгүлтүксүз  кесиптик өсүш үлгүсүнүн процесстериндеги өзгөрүүлөрдү жана  анын таянычтарын, ”Мектептер арасында  өнөктөш мамилелерди уюштуруу боюнча колдонмонун” жана “Практиктер…

Толук окуу…