Нарын районундагы бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи өттү
Нарын районундагы бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи өттү 2025-жылдын 30-июнунда Нарын районунун жалпы билим берүү мекемелеринде 9- жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк, аттестаттар жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттары салтанаттуу түрдө тапшырылды. Жалпысынан 909 окуучу 9-классты, ал эми 557 окуучу 11-классты ийгиликтүү аякташты. Ошондой эле, быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) Нарын районунан 520 бүтүрүүчү катышты….

