23-АПРЕЛЬ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн алкагында мектеп окуучулары арасында “Бүт ийгилик китеп менен алынаар, китеп менен асманга жол салынаар”аттуу мектеп окуучулары жана ата-энелер арасында сынак өткөрүлдү.
Сынактын масаты: Окуучулар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени чыңдоо менен коомчулукту китеп окууга чакыруу.
Сынак эки баскыч менен өткөрүлүп, биринчи баскычында мектептин атынан катышкан топтор кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынан даярдалган видео материалдарын YouTube каналына жайгаштырып , көпчүлүктүн көңүлүн буруп, жогорку упайларды топтогон командалардын видеолору көрсөтүлдү. 1-орунду Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби,2-орунду Абдылда Аралбаев атындагы орто мектеби,3-орунду Баймоңол Кыязов атындагы орто мектептери камсыз кылышты.
Сынактын экинчи тапшырмасы боюнча районубуздун тажрыйбалуу кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринен турган жумушчу тобу Чыңгыз Айтматовдун повесттери боюнча онлайн тест өткөрүшүп, экинчи баскычка жогорку упай алган командаларды тандап алышты. Жалпы жыйынтык чыгарылып 1-орунду, 2 окуучу, 2 ата-энеден турган Бейшеналы Бекжанов атындагы орто мектебинин “Дил азык” , 2-орунду Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин “Биримдик”, 3-орунду Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин “Фудзияма “ топтору жеңүүчү деп табылды. UCAID «Окуу керемет» долбоору аркылуу «Биз жасаган китеп» аттуу китеп көргөзмөлөрү уюштурулуп , көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Иш-чараны чакан сценкалар жана ыр-бийлер коштоп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.