2022 – жылы 3-4- ноябрь күндөрү Медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча ||| Борбордук Азия конференциясы болуп өттү . Конференцияга медиа маалыматтык сабаттуулук кеңири жайылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү, педагогдор , медиа эксперттер , журналисттер ,ж.б.катышышты. Бул конференцияга Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин информатика сабагынан мугалими Акылай Алмазбекова да жолдомо алган. Конференциянын жыйынтыктоочу аземинде буга чейин өткөрүлгөн ММС компоненттери камтылган сабактын иштелмеси сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, белектер тапшырылды. ММС компоненти камтыган сабактын иштелмеси сынагынан Акылай Алмазбековага атайын сыйлык тапшырылды.иСебеби бул конференцияга информатика сабагынан мугалими Акылай Алмазбекова да жолдомо алып көптөгөн тажрыйбалуу эмгектердин натыйжасы менен ийгиликке жетти.мАкылай Алмазбековага атайын белектер жана сыйлыктар ыйгарылды.
Эске сала кетсек, Нарын районундагы мектептерде медиа борборлорду уюштурууга дагы чоң салым кошуп келет.
Гүлнара Кенжеш кызы
Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучусу