НАРЫН РАЙОНУНУН ЭЧКИ -БАШЫ АЙЫЛЫНДА 75 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА КАПИТАЛДЫК РЕМОНТТОН ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 10 -ноябрда Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылында “Абдылда Ата” атындагы бала бакчанын капиталдык ремонт иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.  Бул саамалык  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары А.Орозказиева, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова, айыл Өкмөтүнүн башчысы, жергиликтуу кенештин депутаттары , айыл тургундарынын катышуусунда өттү.

2022 -жылы бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүү планга киргизилип, Республикалык бюджеттин ” Түрткү берүүчү грантынын” эсебинен жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланды . Долбоордун сметалык баасы 3 млн 442 сомду түздү . Жергиликтүү бюджеттен 520000 сом өздүк салым катары каралган.

А. Конокбаева

Бала бакчанын директору

 

Жооп калтыруу