Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында окуучулар жана ата-энелер арасында “Фин-чилистен” сынагы өткөрүлдү. Сынак балага келечекте финансылык туура чечимдерди кабыл алууга, өз акчасын туура колдонгонго, туура максат коюуга жана жетүүгө жардам берүү максатында китепканачы Д.Эсенкулова тарабынан уюштурулуп, 3-4-5-класстын класс жетекчилери классы менен бирге жогорку денгээлдеги даярдык менен катышышты. Жыйынтыгында 3-класстын окуучулары катышкан “Чыгаша”тобу алдыңкы орунду камсыз кылса, 4-класстын окуучуларынан турган “Аманат ” жана 5-класстын окуучуларынан турган “Киреше” тобу жигердүү катышышты. Алдынкы орунду ээлеген ата-эне жана окуучуларга кызыктыруучу белектер берилди.