КОШУМЧА КАНИКУЛ – ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУ ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК ҮЧҮН!

     Нарын районундагы мектептер мектеп, окуучулар жана ата-энелердин кызматташуусун жакшыртуу максатында кышкы каникул мезгилин кызыктуу оюндар менен  өткөрүп жатышат.                                           

     Атап айтсак, Кайыңды  айылындагы  Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде   кыштын ызгаардуу суугуна карабай ата-эне,окуучу,мугалимдин катышуусунда үч тараптуу “Дени сак муун –  өлкөнүн келечеги” аталышындагы кышкы оюн өткөрүлдү. Бул оюнга “Алга”, “Ак Шумкар”, “Кайыңды”, “Шамдагай” командалары катышып, жакшы оюн көрсөтүшүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулай алышты.
     Жыйынтыгында 1-орунга “Ак Шумкар” командасы, 2-орунга “Алга” командасы ээ  болуп, уюштуруучулар тарабынан даярдалган грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.
Оюнду уюштурган табигый-математикалык бирикмесине жана калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз!

Жооп калтыруу