БАЛА БАКЧАЛАР – МАНАС ТААНУУ

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 3-февралындагы №304/1 – “Манас таануу” интеллектуалдык таймашын өткөрүү жөнүндөгү буйругуна ылайык Нарын районунун бала бакчасынын тарбиялануучулары тарабынан “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү.

Сынактын шарты боюнча бала бакчалар видеоролик даярдашып, youtube каналга жайгаштырышкан. Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан бекитилген комиссиянын чечимине ылайык жыйынтык чыгарылды.

Комиссиянын чечимине ылайык жыйынтык төмөндөгүдөй болду:

     Баш байге

Нарын районунун  Оттук айылындагы “Садык Ата” балдар бакчасы

    1-орун

Нарын районунун  Кеңеш айылындагы “Аруу Тилек” балдар бакчасы

Нарын районунун  Куланак айылындагы “Таңга бийке – Бердике” балдар бакчасы

Нарын районунун  Эчки Башы айылындагы “Абдылда Ата” балдар бакчасы

    2-орун

Нарын районунун  Жалгыз Терек айылындагы “Жалгыз Терек” балдар бакчасы

Нарын районунун  Ак Кыя айылындагы “Нур Байгазак” балдар бакчасы

    3-орун

Нарын районунун  Эки Нарын  айылындагы “Эки Нарын” балдар бакчасы

Нарын районунун  8-март айылындагы “8-март Баластан” балдар бакчасы

Нарын райондук билим берүү бөлүмү сынакка жигердүү катышкан бардык бала бакчалардын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, байгелүү орундарды камсыз кылган бала бакчаларды куттуктайт.

Ишиңиздер ийгиликтүү болуп, тарбиялаган балдардын сыймыгы болуңуздар!

Нарын райондук билим берүү бөлүмү

 

Жооп калтыруу