МЕКТЕПТИН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

24- май күнү Нарын районундагы Д.Мамбетов атындагы орто мектебинде “2023- жылдын – Мыктылары” аныкталды. Мыкты деп аталган 42 окуучу, ата- эне, класс жетекчиси менен кызыл килемден өтүштү. Сыйлыкка татыктуу болгон окуучуларга мектептин грамотасы, ата- энелерге ыраазычылык кат тапшырылып,  ” Турсунбаев Асаналы” атындагы стипендияга 10 окуучу 1000 сомдон, “Дастан” атындагы стипендияга 1000 сомдон 3 окуучу ээ болушту.

Мындан сырткары тышкары предметин мыкты өздөштүргөн эже- агайлар стипендия, грамота,  дипломдорун окуучуларына ыйгарышты. Андан тышкары “Жылдын мыкты 15 окуучусу” сынагы жыйынтыкталып,  эң көп китеп окуган 15 окуучу, үлгүлүү жүрүш – турушу, окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы жана “Менин Кыргызстанга кошкон салымым” деген темада жазылган дил баяндары боюнча аныкталды. Жыл башынан бери мектеп президенти Муканбетова Акбермет тарабынан уюштурулган “Китепсиз дүйнө – жапайы дүйнө” аталыштагы китеп окуу сынагы жыйынтыкталды. 15 окуучу алдыңкы орундарга ээ болуп грамоталар жана белектер менен сыйланышты. ” Окурман класс ” номинациясы 8″б”- класска ыйгарылды. Конкурска демөөрчүлүк кылган Асаналиев Болот, Аалиев Орозобек,Улан Усеин агаларыбызга ыраазычылык билдиребиз.

Жооп калтыруу