2023-жылдын 22-декабрында Нарын районундагы Жер-Көчкү айылындагы Баймоңол Кыязов атындагы орто мектебинде жана
“Ак-Ниет-Айгүл” бала бакчасында өрөөндүк семинар өткөрүлдү.
Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинеттин жетекчиси Бурулсун Исакова, усулчу С.Сыдыкбаева, Эмгекчил өрөөнүнүн жетекчилери ,мугалимдер жана бала бакча тарбиячылары катышышты.
Семинардын темасы: “Предметтерди интеграциялап окутуу”.
Семинардын максаты: Ар бир окуучунун табигый мүмкүнчүлүгүн, шыгын, жөндөмүн аныктап билим берүүдө окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу”.
Мугалимдердин жана тарбиячылардын иш тажрыйбасын жайылтуу максатында “Ак-Ниет-Айгүл” бала бакчасында да “Үй-бүлө коомчулук менен иш алып баруу” деген темада семинар өткөрүлүп , математика , орус тили жана ата-энелер менен биргеликте “Балдардын сүйлөө кебин өстүрүү жана акыл эс жөндөмү” деген темада ата-энелердин катышуусу менен тарбиялык сааттар өткөрүлдү.