«ПИЗА -2025 даярдык «

2023=жылдын 26- декабрында Нарын районундагы Муса Байдөөлөтов атындагы орто мектебинде Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гулбарчын Бейманжановна усулдук кабинеттин жетекчиси Бурулсун Абдыкадыровна жана усулчу С.Сыдыкбаеванын катышуусунда»ПИЗА -2025 ке даярдык «деген темада өрөөндүк семинар болуп өттү. Семинардын максаты окуучуларды ПИЗА -2025 изилдөөсүнө даярдоо ишмердүүлүгүн жайылтуу. Семинар эки бөлүктөн туруп , ар түрдүү программада электрондук тесттерди түзүү жолдору жана аларды убагында ошол замат текшерүү ыкмалары, керемет окуу долбоору боюнча ,СТЕМ багытындагы функционалдык сабаттуулук , ПИЗА га байланышкан тесттер менен иштөө ыкмалары ,ата энелер мектеби боюнча чыгармачылык менен даярдалган сабактар өтүлүп, тренинг жана маданий иш чара менен жыйынтыкталды. Семинарга келген катышуучулар өздөрүнө керектүү көп жаңы маалыматтарды алуу менен ыраазычылыктарын билдиришти . Семинар окуучулардын кол эмгектеринин дидактикалык көргөзмөсү жана жаңы окуу жылында демөөрчүлордун жардамы менен келген жаңы спорттук инвентарлар ,компьютерлер,телевизор,принтерлерди көргөзүү менен коштолду.

 

Добавить комментарий