Билим берүү технологияларынын жардамы менен компетенцияларды өнүктүрүү

2024-жылдын 5-мартында » Ак калпак күнүнө» утурлай Нарын районуна караштуу «Умсунай-Апа» бала бакчасында » Билим берүү технологияларынын жардамы менен компетенцияларды өнүктүрүү» деген темада облустук деңгээлдеги семинар өттү. Семинарга Нарын областынын Ат-Башы, Кочкор, Жумгал, Ак Талаа райондорунун жана Нарын шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү келип күбө болушту.
Семинардын максаты интерактивдүү заманбап билим берүү ыкмаларын, анын ичинде STEM окутуу тажрыйбаларын пайдалануу жана жайылтуу. Мындан сырткары семинардын алкагында ата-энелер мектебинде » Заманбап технологиялардын жана тиркемелердин жардамы менен үй-бүлөдө балдарды ар тараптан өнүктүрүү» деген темада тренинг өтүлүп, чөнтөк жардамчы болуп аталган, баланын өсүп-өнүгүүсүн көзөмөлдөө жана туура тарбия берүү үчүн кеңештер менен камтылган Bebbo,беш жашка чейин үлгүр тиркемеси жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Добавить комментарий