Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарбынан 2024-жылдын 7-майында “Жылдын мыкты мугалими-2024” жана 2024-жылдын 10-майында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2024” кароо-сынагы уюштурулуп, Нарын районунун Эмгекчил айылындагы Т.Байбураев атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Сынакка Нарын районунун мектептеринен 23 мугалим жана бала бакчадан 11 тарбиячы катышышты.
Сынактын негизги максаттары жана милдеттери:
-Чыгармачыл, таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү;
-Мектепте мыкты мугалимдердин педагогикалык тажрыйбаларын жайылтуу;
-Чыгармачылыгынын өсүүсүнө жана мугалимдик кесипке кызыгуусун арттырууга көмөк көрсөтүү.
Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйылкы жылдагы кароо-сынакка ар бир предмет боюнча катышуучулар тандалды.
“Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү:
I-орунду А.Табалдиев а.о.м. “Дене тарбия” мугалими-Асаналиев Санжарбек Токтогазиевич, Ж.Өмүралиев а.о.м. “башталгыч классынын” мугалими-Арзымова Бегайым Эркинбековна, Б.Кыязов а.о.м. “Орус тили жана адабияты” мугалими-Рысбекова Гүлбарчын Эрмековна, Ж.Саламатов а.о.м. “Биология” мугалими-Турдакунов Акылбек Бектурович, Актан Тыныбек а.о.м. “Көркөм өнөр” мугалими-Кыдыков Мирлан Кубатович, М.Иманалиев а.о.м “Математика” мугалими-Султаналиева Ирина Шайымкуловна камсыз кылышып облустук турга жолдомо алышты.
“Жылдын мыкты тарбиячы-2024” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү;
“Баш байгени”-“Бала Нур” бала бакчасынын тарбиячысы Төрөбай кызы Жазгүл;
I-орун -“Раушан-Учкун” бала бакчасынын тарбиячысы Жакыпова Гүлмира Бекболотовна,
2-орун-“Нур-Байгазак” бала бакчасынын тарбиячысы Майрамбекова Алиса Майрамбековна жана “Жалгыз-Терек-Жоогазындары” бала бакчасысын тарбиячысы Кадырова Нази Данияровна;
3-орун “Садык-Ата” бала бакчасынын тарбиячысы Исмайилова Динара Советбековналар жеңүүчү деп табылып, “Бала Нур” бала бакчасынын тарбиячысы Төрөбай кызы Жазгүл облустук турга жолдомо алды.