Кырсыктардын алдын алуу- коопсуздукка болгон биринчи кадам

Нарын районундагы бардык билим берүү мекемелеринде жарандык коргонуу жана анын алдын алуу боюнча иш чаралар уюштурулуп, өткөрүлүүдө. Алсак, 2024-жылдын 3-декабрында Жусуп Иманалиев атындагы орто мектебинде “Кырсыктардын алдын алуу- коопсуздукка болгон биринчи кадам” аталышындагы райондук семинар болуп өттү. Семинардын негизги максаты: жарандык коргонуу маселелери,  коопсуз жүрүм турум,  ошондой эле ар кандай өзгөчө кырдаалдарда туура жана ыкчам аракеттерди көрүү, окуучуларга жогорку деңгээлде билим берүү менен өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууга үйрөтүү. “Кырсыктардын алдын алуу билим менен башталат” деп айтылгандай, иш чаранын башталышы алгач   жарандык коргонуунун түрлөрү боюнча окуучуларга төмөндөгүдөй тарбиялык сабактарды өтүү менен башталды.  «Жолдо жүрүүнүн эрежелери” , “Өрт коопсуздугунун алдын алуу”,“Сел жана анын кесепеттери”  “Жер титирөө учурунда өзүн алып жүрүү”  . Ар бир тарбиялык сабак жогорку деңгээлде көргөзмөлүү өтүлүп,  катышкан мугалимдер жылуу пикирлерин билдиришти.

Тарбия аркылуу адамда боорукердик, жоопкерчилик  жана коопсуздук эрежелерин сактоо көндүмдөрүн калыптандыруу менен ар кандай кырсыктарды жана башаламандыкты азайтууга болот. Тарбия менен калыптанган туура жүрүм-турум көптөгөн кооптуу кырдаалдарды, кырсыктарды болтурбоого шарт түзгөндүктөн  “Туура тарбия – турмуштун өзөгү” аталышындагы видео форматта чагылдырылган   театр-форумга даярдалып, катышуучулар менен биргеликте суроо жооп иретинде талкуу жүргүзүлдү жана  Г.Мадаминовдун “Тарбия дөңгөлөгү” методун пайдалануу менен театр форум жыйынтыкталды. Адамдардын турмушундагы оор сыноолорду, табигый кырсыктардын адамдарга тийгизген таасирин өзүнүн көз карашы аркылуу Жер энеге баяндашын чагылдырган Толгонайдын монологу айтылып, видеороликтер көргөзүлдү.

Адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу жана аларды болтурбоо, ошондой эле окуучулардын мектептеги  жүрүм-турумун  чагылдырган , ар бир адамды коопсуз жүрүүгө, жолдо жүрүү маданиятын үйрөтүүгө багытталган  “Өрттүн алдын алуу – өмүрдү сактоо”,  “Жолдо жүрсөң сак бол, эрежеге так бол!”, “Жер титирөө” аталышындагы сахналаштырылган көрүнүштөр коюлуп, видеороликтер көргөзүлдү. Ар бир көрүнүшкө катышкан окуучулар милдеттерин  жогорку деңгээлде аткарып көргөзүп беришти.  Ошондой эле мектептеги “Кыз кыял” бийчилер тобунун аткаруусунда “Суу – өмүр булагы”  аталышында сахналаштырылган бий аткарылып, иш чара окуучулардын аткаруусундагы   “Кыргыз желеги” музыкалык ыры  менен жыйынтыкталды.

Жооп калтыруу