Нарын районундагы Р. Усубалиев атындагы орто мектебинде, мектеп директору С.Абдыбилиев жана окуу бөлүм башчысы Г.Моютова тарабынан эмгек жамаатка 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана ага карата көрүлгөн аракеттер тууралуу ички семинар болуп өттү. Мында мугалимдерге 12 жылдык билим берүүгө өтүү этаптары тууралуу кеңири маалымат берилип, коомчулукка, ата-энелерге туура, так маалымат жеткирүү керектиги айтылды.
Мындан сырткары орус тили жана орус адабияты мугалими Альбина Бакытбек кызы азыркы учурдагы жана Сингапур методикасы тууралуу да маалымат берип, мугалим ар дайым изденүүнүн, аракеттин үстүндө иштеп, окуучуларды сабакка болгон кызыгуусун арттыруу максатында бир канча методдор менен тааныштырып, практика жүзүндө да иштетти.
Ошол менен катар эле STEM предметтери боюнча атайын санарип кампа (stem.edu.gov.kg) боюнча да маалыматтар айтылып, семинар кызыктуу жыйынтыкталды.