Эрте курактагы балдарды өнүктүрүү

2025-жылдын 16-апрелинде Нарын районунун Учкун айылындагы “Раушан-Учкун” балдар бакчасында “Эрте курактагы балдарды өнүктүрүү” темасында өрөөндүк семинар болуп өттү. Бул иш-чарада тарбиячылар эрте жаштагы балдардын билимине өзгөчө көңүл буруп, тажрыйба алмашышты.

Мындан сырткары, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун колдоосу менен жаңы 3 сааттык тайпанын имараты пайдаланууга берилип, ачылышына Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Бейманжановна, усулдук кабинеттин башчысы Бурулсун Абдыкадыровна жана бала бакча жетекчилери катышып, Гүлбарчын Бейманжановна өз сөзүндө бул имараттын ишке берилиши балдарга заманбап шартта билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт деп белгиледи.

Балдардын бактылуу келечеги – биздин бүгүнкү аракеттерибизден башталат!

 

Жооп калтыруу