2025-жылдын 18-апрелинде Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин иш-планына ылайык, Оттук айылындагы “Садык-Ата” бала бакчасында райондук деңгээлдеги семинар өткөрүлдү. Иш-чарага Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин жетекчиси Б.Исакова, райондун башкы адиси И.Маралбаев, ошондой эле бала бакча жетекчилери жана тарбиячылар катышты.
Семинардын темасы: «Балдардын гармониялык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү»
Семинардын жүрүшү
- “Мектептер -2030” долбоору боюнча изилдөө иштери,Эксперимент сабак
- “Улуттук нарк бала бакчадан башталат” аттуу тарбиялык саат,
- “Чыйырчыктар” сабагы,
- Орус тили сабагынан “Виды транспорта” темасындагы ачык сабак өткөрүлдү.
Бул иш-чара бала бакчалар арасында тажрыйба алмашууга, заманбап билим берүү ыкмаларын жайылтууга багытталды.
Иш-чаранын уюштурган Нарын райондук билим берүү бөлүмунүн усулдук кабинеттин жетекчиси Б.Исакова «Садык-Ата» бала бакчасынын жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдирди.
Сиздердин жигердүүлүгүңүздөр, кесипкөйлүгүңүздөр жана ынтымактуу ишиңиздер семинардын жогорку деңгээлде өтүшүнө негиз болду.
Сиздерге мындан аркы ишиңиздерде ийгилик, чыгармачылык жетишкендиктер жана татыктуу тарбиялануучу муундарды өстүрүүдөгү иштериңиздерге ийгилик каалайбыз!