АДАБИЯТ КҮНҮНДӨГҮ АЛБАН ИЙГИЛИКТЕР!

12-декабрь «Улуттук адабият күнүнө» карата заманыбыздын залкар акыны Алыкул Осмоновго арналган «Алыкулду окуйбуз» аталышындагы кыргыз жана коңшулаш Республикалардын поэзия сүйүүчүлөрүнүн эл аралык адабий кербени Бишкек шаарында болуп өттү. Адабий кербенге коңшулаш Казакстан, Өзбекстан жана Венгер өлкөсүнөн дагы кыргыз поэзиясына, анын көрүнүктүү өкүлү Алыкул Осмоновдун чыгармаларына кайдыгер карабаган меймандар катышты.
Сынактын шартына ылайык Алыкул Осмоновго арналган автордук ырлар, көргөзмө куралдар, акындын ырынан көркөм окуу болду. Кербендин 1-турунан 36 катышуучу ийгиликтүү өтүп, жыйынтыктоо турунда Нарын районунун барган өкүлдөр, ар түрдүү багытта ийгиликтүү кайтышты.

Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Саламат кызы Анара Акынга арнап жазган ыры үчүн 3-орунду  камсыздады.

Жолдон Саламатов атындагы орто мектебинин тарых мугалими Жайлообекова Жаңылмырза акындын ырларын түрк тилине которуп жазгандыгы үчүн 2-орунду камсыздады.

Ошол эле Жолдон Саламатов атындагы орто мектебинин окуучусу Шаршенбекова Айпери көркөм окуу жанры боюнча 1-орунга арзыды. 

Автордук ырлар номинациясы боюнча Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин 10- класстын окуучусу Майрамбек уулу Мирлан 1- орунду камсыз кылса,  акындын чыгармаларына таасирленип жараткан образдуу сүрөттөрү үчүн 10- класстын окуучусу Уланбек кызы Милана 2-орунга ээ болду.

Ийгилик ээлерине чыгармачылык эргүү, окууларындагы, иштериндеги ийгиликтерди каалайбыз!

Нарын райондук билим берүү бөлүмү

Добавить комментарий