АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ — БИЛИМ УЯСЫНАН УЧКАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР

2023-жылдын 25-май күнү Нарын районундагы жалпы бирим берүүчү мектептерде «Акыркы коңгуроо салтанаты» болуп өттү. Салтанатка Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким, акимдин орун басарлары, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, бөлүмдүн адистери жана усулчулар жер — жерлерде салтанатка катышып, окуучуларды куттуктап кайтышты.

Эске сала кетсек быйылкы окуу жылында жалпы 11-классты 554 окуучу аяктап жатса, 9-классты 860 окуучу, анын ичинен 41 окуучу артыкчылык күбөлүккө ээ болду.

Добавить комментарий