2023-2024 – окуу жылынын 29 – январында Нарын районуна караштуу Токтогул Байсалов атындагы орто мектебинде “Алтын түйүн” Улуттук балдардын инженердик – техникалык академиясынын Нарын облусундагы филиалынын инженердик — техникалык кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылышка Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө Эмгек сиңирген ишмер, “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик – техникалык академиясынын директору Ж. Б. Бапанова сөз сүйлөп, кызыл лентаны кесип ачты
Андан сырткары салтанатка “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик – техникалык академиясынын Нарын облусундагы филиалынын директору Турдалиева Рыскүл Муратовна, вице мэр Чекирова Элнура Асангазиевна, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Орозказиева Анара Жээнбековна, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, Миң – Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары Бектуров Алтынбек Жунусович жана Миң – Булак айылынын айыл башчысы Касымбаев Акматбек Бейшембиевич катышышты. Андан сырткары Т. Байсалов атындагы орто мектебинин активдүү ата – энелери жана райондун физика жана информатика мугалимдери катышышты
“Алтын түйун” улуттук балдардын инженердик –техникалык академиясы Нарын облусундагы филиалынын инженердик кабинетинин жетекчиси Т.Аманкулов 2-группага — STEM аталышындагы кружокту жетектеп, заманбап техникалык каражаттар менен окуучуларга жол көрсөтүүдө.