АНТАЛИЯДАН АЛГАН СЫЙМЫК!

     2022-жылдын 19-ноябрында Турция мамлекетинин Анталия шаарында Искусство, медиа жана педагогикалык технологиялар тармагында орус тилин жана маданиятын чет өлкөдө жайылтуу боюнча эл аралык фестивалдын финалдык бөлүгү болуп өттү. 

     Иш чара Москвадагы «КАДАМ» (ШАГ) билим берүү инновациялар борбору тарабынан уюштурулган. 

     Иш чарага Белорус, Казакстан, Монголия, Стамбул жана Аланиядагы орус мектептеринин педагогдору, журналисттер, студенттер, эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Бул саамалыкта Нарын райондагы Дүрбөлөң Мамбетов атындагы орто мектебинин директору Джолдубаева Анаргуль Дженишовна жеңүүчү катары сыйланды.

Кесиптешибизди сыйлыгы менен куттуктайбыз! Иштеген ишиңиздин үзүрүн көрүңүз!

 

    

 

Добавить комментарий