СЕКЦИЯЛЫК ИШ 2023-ЖЫЛ

         2023-жылдын 21- августунан 24- августуна чейин Нарын районунун бардык мектептеринин предметтик мугалимдерине Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г. Исакова, усулдук кабинеттин жетекчиси Б. Исакова жана усулчулар тарабынан секциялык иштер өткөрүлдү.Секциялык иште 2023-2024-окуу жылындагы календарлык пландар, PISA 2025, олимпиада, ОРТ, “Алтын тамга” жана башка аткарылуучу иштер талкууланды. Нарын райондук…

Толук окуу…

АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ 2023-ЖЫЛ

Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 24-августунда “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы агартуучулардын август конференциясы болуп өттү. Конференцияга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Мадимаров Нуридин Султанович, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Орозказиева Анара Жээнбековна, билим берүү тармактарында эмгектенген агартуучулар катышышты. Нарын райондук…

Толук окуу…

ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ

й 2023-жылдын 5-июлунда Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эмгекчил айлындагы Оро-Башы жана Кара-Бук жайлоосунда “Эмгекчил-келечеги” бала бакчасынын жайлоо өнүгүү борборунда “Жайлоо өнүгүү борборунда балдардын майда моторикасын өнүктүрүү” аталышындагы облустук деңгеелдеги семинар болуп өттү Ага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Садыкова жана Нарын, Ат-Башы,Ак-Талаа районунун акимдеринин орун басарлары, райондук…

Толук окуу…

ТЫНЧТЫК КЛУБДАРЫ — КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КОНЦЕПЦИЯСЫ ҮЧҮН

2023-жылдын 8-июнунан тартып Нарын облусунун мектептери үчүн «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруу максатында тренингдер орун алды. Тренинг жана ишке ашыру идеясы IPD эл аралык уюмуна таандык. Алгач бул тренингге мектептерден келген өкүлдөр чеберчилигин жогорулатышса, кийин алар мектептерге окуучулардын тынчтык клубдарын ачып, алар менен биргеликте концепцияны ишке ашыруу үчун кадам ташташат….

Толук окуу…

БАЛА БАКЧАДА СЕМИНАР

Мектепке чейинки курактагы балдардын адеп — ахлак маданиятын калыптандыруунун педагогикалык негиздери аттуу темада ата-энелер мектебин жыйынтыктоо иш чарасы өтүлдү. Иш чарага Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, усулчулар Бурулсун Исакова, Роза Томотоева, Нарын районунун бала бакча директорлору, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн кызматкерлери…

Толук окуу…

АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ — БИЛИМ УЯСЫНАН УЧКАН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР

2023-жылдын 25-май күнү Нарын районундагы жалпы бирим берүүчү мектептерде «Акыркы коңгуроо салтанаты» болуп өттү. Салтанатка Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким, акимдин орун басарлары, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, бөлүмдүн адистери жана усулчулар жер — жерлерде салтанатка катышып, окуучуларды куттуктап кайтышты. Эске сала кетсек быйылкы окуу жылында жалпы 11-классты…

Толук окуу…

МЕКТЕПТИН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

24- май күнү Нарын районундагы Д.Мамбетов атындагы орто мектебинде «2023- жылдын — Мыктылары» аныкталды. Мыкты деп аталган 42 окуучу, ата- эне, класс жетекчиси менен кызыл килемден өтүштү. Сыйлыкка татыктуу болгон окуучуларга мектептин грамотасы, ата- энелерге ыраазычылык кат тапшырылып,  » Турсунбаев Асаналы» атындагы стипендияга 10 окуучу 1000 сомдон, «Дастан» атындагы стипендияга…

Толук окуу…

МИНИСТРДИН ТЕҢИР ТООГО ЖЕМИШТҮҮ САПАРЫ!

     2023-жылдын 10-12-май күндөрү Билим берүү жана илим министринин эки күндүк иш сапары болду. Иш сапар Нарын облусундагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин директорлору  үчүн маалыматтык семинар менен коштолду. Ал үчүн республикадагы алдыңкы педагогдор, билим берүү тармагына тиешелүү адистер жетекчилердин суроолоруна жооп берди. Министр мындан сырткары Нарын шаарындагы мектептерди,…

Толук окуу…

Сапаттуу билим берүүнүн өзөгү — «Керемет окуу!»

2023-жылы 4-май күнү Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында “Окуу керемет!” долбоору-сапаттуу билим берүүнүн өзөгү»  деген темада облустук семинар болуп өттү. Семинарга Нарын мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын шаарынын вице мери Эльнура Асангазиевна , Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун…

Толук окуу…

УЛУУ «МАНАС» БАЯНЫ — ТЕҢИР-ТООДО

     2023-жылдын 3-майында КР Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциясынын жана “Улуттук нарк” жөнүндө Жарлыктарынын алкагында республикабыздын бардык аймактарында өткөрүлүп жаткан “Урааным Манас” кароо-сынагын улай Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нарын районунун 1226 жаш манасчыларынын айтуусунда улуу “Манас” баянын айтып, «МАНАСТАП» ураан чыкырышты.  …

Толук окуу…