12 жылдык билим берүү системасы боюнча директорлорго тренинг

Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин иш планына ылайык 2024-жылдын 26-ноябрында Нарын районуна караштуу Т.Байсалов атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна , Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн метод кабинетинин жетекчиси Исакова Бурулсун Абдыкадыровна жана райондук мектептердин директорлору,мугалимдери келип катышты. Семинардын темасы: Мектепте инновациялык билим берүү технологиялары жана STEM билим берүүнүн негиздери. Өтүлгөн семинардын максаты: Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн,чыгармачылыгын өстүрүү менен көйгөйдү чечүү жана алган билимин турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү. Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы №654 токтому менен бекитилген концепциясы тааныштырылып, “Окуу керемет” долбоору боюнча математика сабагынан “Түшүндүрүү жана негиздөө” стратегиясы, “Моделдердин көптүгү” боюнча ачык сабак өтүлүп, сабакта моделдөө технологиясы колдонулду. Ошондой эле STEM технологиялары менен мугалимдер ачык сабактарды жана тарбиялык сааттарды өтүштү. Мугалимдердин семинарга болгон даярдыгынын жакшы көрсөткүчү келген мугалимдердин берген анализдеринен көрүнүп турду. Семинардын катышуучулары долбоордук иш, STEM сабактар, “Алтын түйүн” кружогунун иштери жана “Ата-энелер” мектебинин жүргүзүп жаткан иштери менен таанышышты. Натыйжада келген мугалимдер жаңы билимдерге ээ болуп, тажрыйбаларды топтой алышты.

12 жылдык билим берүү

Нарын районундагы Р. Усубалиев атындагы орто мектебинде, мектеп директору С.Абдыбилиев жана окуу бөлүм башчысы Г.Моютова тарабынан эмгек жамаатка 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана ага карата көрүлгөн аракеттер тууралуу ички семинар болуп өттү. Мында мугалимдерге 12 жылдык билим берүүгө өтүү этаптары тууралуу кеңири маалымат берилип, коомчулукка, ата-энелерге туура, так маалымат…

Толук окуу…

“КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ:КООМДУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДООНУН ЖОЛДОРУ”

2025-жылдын 21-февралында Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек, Ж.Иманалиев, Т.Байбураев атындагы орто мектептеринде кылмыштуулуктун, рекетчиликтин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча мектеп окуучуларына жана ата-энелерге тармактык органдардын катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“БАЛДАР-БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ”

2025-жылдын 18-февралынан баштап Нарын районундагы бардык мектептерде окуучулар арасында зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, рекетчиликтин алдын алуу боюнча тармактык органдардын жетекчилери тарабынан окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Толук окуу…

Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу

 2025-жылдын 19-февралында Нарын райондук билим берүү бөлүмү, Нарын районунун прокуратурасы жана Нарын райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 26.05.2023-жылдагы “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” 136 сандуу Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 25.08.2022-жылдагы №57-Б буйругунун жана 28.02.2023-жылдагы №2-К…

Толук окуу…

“Тил өркөчү жакшы сөз”

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин сактоо жана өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү мыйзамын аткарууга алуу максатында, Бүгүн 2025-жылдын 25-февралында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен жарык көргөн Учкун айылындагы Э.Токсобаев орто мектебинин мугалими З. Мамаеванын “Тил өркөчү жакшы сөз” аталышындагы ырлар жыйнагынан турган китептин бет ачаары Учкун айылынын Чоро Кожомжаров атындагы…

Толук окуу…

“Эрудит” интеллектуалдык сынагы өткөрүлдү

Нарын облустук балдардын билим берүү борборунда “Эрудит” интеллектуалдык сынагы өткөрүлдү 2025-жылдын 25-февралында “2025-жыл – Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгусунун алкагында, мектеп окуучуларын жана жаштарды интеллектуалдык өнүгүүгө жана тарбиялоого багытталган «Эрудит» облустук интеллектуалдык сынагы Нарын облустук балдардын билим берүү борбору тарабынан уюштурулду. Сынакка Нарын районунун мектептеринен  үч  команда катышты.  Жерге-Тал айылындагы «Өрнөк»…

Толук окуу…

Нарын районунда Республикалык претметтик олимпиаданын II баскычы болуп өттү

2025-жылдын 18- 19-февралында Нарын районуна караштуу Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде  Республикалык предметтик олимпиаданын II баскычынын райондук туру болуп өттү.   Олимпиадага жалпысынан 10 предметтен, 240 окуучу катышты. Олимпиада предметтер боюнча өткөрүлүп, окуучулардын терең билимге ээ болушун, илим-билимге умтулуусун колдоого алуу максатын көздөйт. Катышуучулар үчүн бул сынак жөн гана мелдеш эмес, билимге болгон кызыгуусун арттырган чоң мүмкүнчүлүк жана окуучулардын интеллектуалдык дараметин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Окуучулардын коопсуздугу…

Толук окуу…

Нарын районунда 3 сааттык жаңы бала бакчалар эшигин ачты

2024-жылдын 19-декабрында Жерге-Тал айылындагы “Ак -Тилек-Тогуз булак” бала бакчасында, 20-декабрда Дөбөлу айыл өкмөтүнө караштуу “Небере-Келечеги”, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу “ Баластан 8-март” бала бакчаларында, Эмгек –Талаа айындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинде “Келечек үчүн билим берүү”долбоорунун алкагында кошумча кыска мөөнөттүү 3сааттык бала бакчалар ачылды. Ачылышка Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын…

Толук окуу…