Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылындагы «Небере-Келечеги» бала бакчасынын ачылыш аземи

16-декабрда  Нарын районунун  Дөбөлү айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү. Бала бакчага   2021-жылдын  15-мартынан  баштап  куруу иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо долбоору тарабынан ишке берилген. Бала бакчанын имараты бир корпустан турат жана бардык керектүү эмеректер, техникалык  жабдуулар менен жабдылып…

Толук окуу…

Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде Медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча семин-тренинг болуп өткөрүлдү.

Биздин  азыркы жашообузду кол телефонсуз  жана  интернетсиз элестетүүгө болбойт. Бүгүнкү күндө маалымат технологиялары күндө -күнгө жаңыланып жана өнүгүп келүүдө. Албетте, мындай өзгөрүүдөн  жана өнүгүүдөн  билим  берүү  системасы  да   четте калбай алгылыктуу иштерди алып барууда. Айта  кетсек   Нарын районуна караштуу Түгөл уулу  Усупбек атындагы орто мектебинде  Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн…

Толук окуу…

Окуу керемет

10-11-12 -ноябрь   күндөрү  Нарын   шаарындагы   Э.Ибраев атындагы  орто мектебинде  USAIDДдин  «Окуу керемет!» долбоору    алкагында  тренинг  өткөрүлдү. USAIDДдин  “Окуу керемет” долбоорунун алкагында уюштурулган тренингге  Нарын райондук   билим  берүү бөлүмүнүн  башчысы   жана  усулчулары, мектеп  жетекчилери жана окуу бөлүм башчылары катышышты. Тренингдин максаты -Райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  усулчуларына,  мектеп жетекчилерине жана окуу бөлүм…

Толук окуу…

Достук көпүрөсү

2021-жылдын 3-4-5-ноябрь  күндөрү  элибиздин  улуу мурасы болгон «Манас» эпосун жайылтуу, райондор  аралык  ынтымакты бекемдөө, өсүп  келе жаткан жаш муундарды окутууда  Жалал-Абад  облусунуна караштуу Чаткал районунан келген  өкүлдөр менен иш тажрыйба алмашуу максатында  Нарын районунунда мектептердин  «Достук» көпүрөсү аталыштагы иш чарасы  өткөрүлдү. Иш чарага  Манас  театрынын  директорунун орун басары Талантбеков Нурбек,…

Толук окуу…

«Эмгекти коргоо,техникалык, санитардык коопсуздук жана өзгөчө кырдаал мезгилинде билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин иш аракеттери» боюнча семинар өткөрүлдү.

2021-жылдын  27-октябрында  Нарын  шаарындагы  Ж.Шералиев атындагы музыкалык  мектебинде  Нарын  райондук билим берүү бөлүмүнүн  демилгеси  менен Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун  Нарын райондук  комитети тарабынан «Эмгекти коргоо,техникалык, санитардык коопсуздук жана өзгөчө кырдаал мезгилинде билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин иш аракеттери» боюнча семинар өткөрүлдү. Семинарда  Нарын санитардык-эпидемиологиялык борборунун сантардык врачы Абамуслимова Гүлайкан “Жалпы…

Толук окуу…

Санариптештирүү-билим берүү тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө!

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинде “Тестирлөөчү программаларды колдонуу жолдору” аттуу семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, усулдук борбордун  жетекчиси Исакова Бурулсун Абдыкадыровна   жана райондун мектептеринин окуу бөлүмүнүн башчылары менен биргеликте информатика сабагынын мугалимдери катышышты. Семинар катышуучулар үчүн Zipgrade, Google…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына  жана  мугалимдердин  кесиптик күнүнө  карата  мугалимдер жана бала бакчалардын  арасында  өткөрүлгөн   райондук  спорттук  мелдештин жыйынтыгы           2021-жылдын 2-октябрында  Нарын  районунун   Орто-Нура айыл  аймагындагы Б.Бекжанов, Орто-Саз айылындагы  Ж.Саламатов атындагы  орто  мектептеринде   мугалимдердин  кесиптик  майрамына  карата спорттун 7 түрү  боюнча   мелдеш   өткөрүлдү.  Райондук  мелдеште  1-орунду Эмгекчил…

Толук окуу…

“САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА РУХАНИЙ АДЕП-АХЛАКТЫК ТАРБИЯ – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗДЕРИ” деген темада мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү.

    Нарын  райондук  билим  берүү  бөлүмү  2020-2021-окуу жыл ичинде Кыргыз Республикасынын  «Билим  берүү», «Мугалимдердин  статусу», “Кыргыз   Республикасынын  жалпы билим  берүүчү  мектептеринде  окуучулардын  ысык  тамагын  уюштуруу”, “Мектепке  чейинки  билим  берүү” жөнүндөгү  мыйзамдарын, мамлекеттик  программаларын  жана  токтомдорун  турмушка  ашыруу  багытында   иштерди  жүргүзүп  келди.   Нарын  районунда 32 орто,  2 башталгыч  мектептери,  …

Толук окуу…

Нарын районунун Орток айыл аймагына караштуу Орук-Там айылында жаңы бала бакча ачылды

Нарын районунун Орток айыл аймагына караштуу Орук-Там айылында 25 орундуу бала бакча ачылып, пайдаланууга берилди.  Бул имарат буга чейин малчылардын балдары үчүн интернат болгон. Ал капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүлдү, сметалык баасы 2 млн 740 миң сомду түздү. Жашоочулар жана демөөрчүлөр бала бакчага 450 миң сомго эмерек алып беришти.

Толук окуу…

Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы орто мектебинин курулушу боюнча маалымат

Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы орто мектеби, 150 орундуу, сметалык баасы 58млн  сом, 2020-жылы  май айында  башталып, заказчик УКС, подрядчик «М- Строй» ЖЧК, 2021-жылы октябрь,ноябрь айларында  ишке берилүү алдында турат.

Толук окуу…