“Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аталышындагы август кеңешмеси өттү
2025-жылдын 25–августунда Нарын районунда билим берүү кызматкерлеринин «Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» деген ураан алдында салттуу август конференциясы болуп өттү. Конференцияга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Мадимаров Нуридин Султанович, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары ЖанболотоваЭльвира Бегалиевна, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын райондук комитетинин өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар жана билим берүүнүн ардагерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында өткөн окуу жылынын жыйынтыктары чыгарылып, жаңы окуу жылындагы милдеттер белгиленди. STEM сабактары боюнча мугалимдерге “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Ошондой эле билим берүү тармагындагы мыкты адистердин жетишкендиктери бааланып, аларга сый-урмат көрсөтүлдү.
Атап айтканда, Жалпы Республикалык тестирлөөдөн 100 пайыздык көрсөткүч көрсөткөн жана окуучулары 200 дөн ашык упай алган мектептердин, мектеп жетекчилери, окуу – тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык каты жана Ардак грамоталары менен сыйланышты. Республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» конкурстарда алдыңкы орундарды ээлегендерге баалуу белектер тапшырылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында 2025-2026 – окуу жылына карата окутуунун сапатын жогорулатуу багытындагы пландар белгиленди.








