АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ 2023-ЖЫЛ

Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2023-жылдын
24-августунда “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы агартуучулардын август конференциясы болуп өттү. Конференцияга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Мадимаров Нуридин Султанович, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Орозказиева Анара Жээнбековна, билим берүү тармактарында эмгектенген агартуучулар катышышты.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Мадимаров Нуридин Султанович конференциянын катышуучуларын куттуктап, алдыга милдеттерди белгилеп, конференциянын ишине ийгилик каалады. ОРТ дан билим сапаты жогору болгон мектеп жетекчилерине жана  ишинде жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн бала бакча жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын  Бейманжановна билим берүү тармагында  ийгиликтер, аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы милдеттер боюнча баяндама жасады. 2023-2024- окуу жылында  жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн жигердүү иш аракеттерди жүргүзүү абзел экендигин баса белгиледи.

 

 

 

Добавить комментарий