АЯЛУУ ТОПТОРГО КАМ КӨРҮҮГӨ ДАЯР КЕСИПТЕШТЕР!

2022-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында FSDS коомдук фонду «Кыргызстандын аялуу топтору үчүн социалдык экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» долбоорунун алкагында жыйынтыктоочу иш-чара өткөрдү. Форумга 70 адам анын ичинде бенифициарлар жана долбоордун өнөктөштөрү, эксперттер ошондой эле жаштарды өнүктүрүү жаатында иш алып барган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Күндүн биринчи жарымында форумдун катышуучулары 3 жылдык программанын жыйынтыгы менен таанышып келечекте жаштардын турмушун жакшыртуу үчүн керектүү багыттарды белгилей алышты.Күндүн экинчи жарымы топтук иштерге арналып, катышуучулар алынган сабактарды көйгөйлөрдү жана алардын чечүүнүн жолдорун талкуулай алышты. Бул иш чарага Нарын районундагы Орто-Нура айылындагы Бейшенаалы Бекжанов атындагы орто мектебинин мугалимдери Токтобаев Эсенкелди жана Сабырбек кызы Нургүл катышты. Күндүн аягында долбоордун баардык катышуучуларына жана өнөктөштөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырылды.

Добавить комментарий