БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨӨ КЕЛЕЧЕКТЕГИ ИНСАН

2023-жылдын 7-декабрында Нарын районундагы Муса Байдөөлөтов атындагы орто мектебинде кылмыштуулукту,үй-бүлөөлүк зордук-зомбулукту ,рекетчилик,суицид,эрте никеге турууну алдын-алуу максатында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -Аким Мадимаров Нуридин Султанович баш болгон тармактык органдардын жетекчилери менен биргеликте «Бактылуу үй-бүлөө -келечектүү инсан «аталышындагы ата -энелер менен жолугушуу болуп өттү.Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө «Бактылуу үй-бүлө -келечектүү инсан «аталышындагы окуучулардын аткаруусундагы сценка жана 1-3-класстын окуучуларынын кружок иштеринен ыр-бий аткарылды . Ал эми экинчи бөлүгүндө Нарын райондор аралык эмгек ,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын начальнигинин орун басары Абылова Гулзат Сардарбековна

 Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Ашырбаев Талант Айбекович

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү секторунун башчысы Азат Аманбекович  өз сөздөрүндө балдарды кылмыштуулукту алдын -алуу жана канткенде балага татыктуу тарбия берүү менен келечектүү мыкты инсан болуусуна шарт түзүү тууралуу айтып өтүштү. Андан тышкары Нуридин Султанович айыл элинин тургундарынын суроолоруна жооп берип ,бир катар маселелерди чечүү менен мектептин мыкты бүтүрүүчүчү Дүйшөнбек уулу Баатырбектин ОРТ га даярдыгы үчүн жардам көрсөтөрүн айтып мектеп жетекчилигин кубандырды.

Добавить комментарий