БАЛА БАКЧА – БӨБӨКТӨР ҮЧҮН КАМ КӨРҮҮ БАШАТЫ

      Нарын районуна караштуу Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн Жер-Көчкү айылында 50 орунду бала бакчанын курулушу бүтүп,14-октябрь күнү кызыл тасма кесилип, пайдаланууга берилди.

      2018-2019-жылдары бала бакчанын долбоору даярдалып,  Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо (ПСИ-KfW) 3-этап” долбооруна сунушталып, колдоого алынып, жалпы наркы 17 млн. сом. Анын 182 000 сом акча каражаты   Кара-Кужур айыл өкмөтүнөн, ал эми   455000 сом акча кажараты жалпы  айыл тургандары тарабынан өздүк салым катары  каржыланган.

     Бала бакчанынын ачылышына Президенттин  Нарын  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Элмира Садыкова, дүйнөлүк банктын өкүлү Одри Сакс, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысыын орун басары Анара розказиева, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Б.Исакова, АРИСтин аймактык өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар жана башка меймандар катышты.

      Келген меймандар жана айыл тургундары куттуктоо сөз сүйлөшүп, «бала бакчада келечекте Кыргызстандын түндүгүн көтөргөн мыкты балдар, кыздар тарбияланып, мекенчил жаштардын өсүп чыксын» деген тилектерин айтышты.

      Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын имаратынын курулушу 2020- жылдын сентябрь айында башталып, “Табан” ЖЧКсы тарабынан бүткөрүлдү.

      Өсүп келе жаткан муундардын жаркын келечеги үчүн бала бакчанын курулушуна зор салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалим Бейшембиев Шамбетке,  бала бакчанын долбоорун даярдаган ошол кездеги Жер-Көчкү айылынын тургуну, учурдагы Кара-Кужур айыл Өкмөтүнүн башчысы Рысбек уулу Дамирге, айыл тургундарына, бала бакчанын жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий