«Бала турмуш туткасы,ата-эне анын устазы»

 

2023-жылдын 15-декабрында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн иш планына ылайык Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинде ата -эненин ортосунда сапаттуу билим үчүн шериктештик мамилени түзүү, өз ара тажрыйба алмашуу максатында “Бала турмуш туткасы , ата-эне анын устазы” аттуу өрөөндүк семинар өткөрүлдү.

Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова, усулдук кабинеттин жетекчиси Б.Исакова жана усулчулар, Куланак өрөөнүнүн мугалимдери, аталган айыл тургундары катышышты. Аталган мектептин мугалимдери “ Ата-энелер мектеби” боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерин эки бөлүк менен көргөзүп беришти. “ Ата-эне мектеп бириксек, балдарда болот келечек” аталышындагы класс жетекчилер, ата –энелер үчүн ачык тарбия сааттарды өткөрүштү. Экинчи бөлүктө тарбия баалуулуктары боюнча класстан тышкаркы иш-чаралар көрсөтүлдү.

Добавить комментарий