2022-жылдын 19-октябрында Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин базасында «БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН БАШКАРУУДАГЫ АККРЕДИТАЦИЯНЫН РОЛУ» аталышындагы мептептерди башкаруунун замапбап үлгүлөрүнө байланышкан семинар болуп өттү. Семинарга Нарын районундагы мектеп директорлорунан сырткары Кочкор, Ат – Башы районунан келген айрым мектеп жетекчилери дагы катышты.
Семинардын жүрүшүндө мектептерди башкаруунун заманбап инновациялык ыкмалары, мыкты тажрыйбалар жана мектептерге коюлган минималдык талаптар жөнүндө такуу болуп, катышуучулар бир катар маалыматтарды алышты. Катышуучулардын пикиринде аталган семинар бир катар алгылыктуу иштердин башаты боло тургандыктарына ишеним менен кайтышты.
Семинардын уюштурулушу көмөк көрсөткөндүгү үчүн Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына, техникалык колдоосу үчүн Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз!