БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАЛАРЫНЫН МАЗМУНУН КАМТЫГАН МААЛЫМАТТЫК ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ.

2022-жылдын 5-сентябрь күнү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мектеп жана бала бакчанын директорлору үчүн билим берүү тармагындагы  максатында чогулуш болуп өттү.

Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган чогулушка 34 мектеп жана 35 бала бакчанын директорлору катышты. Чогулушта Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы Исакова Бурулсун PISA жана EGRA, анын максаты, билим берүү тармагындагы пайдасы, таасири тууралуу презентация жасады. Мындан сырткары Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мамытова Элиза тарабынан мектептердин 2021-2022-жылга карата жалпы республикалык тестирлөөдөгү жыйынтыктар тууралуу презентация жасады. Каралып жаткан маселе боюнча Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын реформалардын маанилүүлүгүнө жана пайдалуулугуна токтолуп, бардык билим берүү мекеме жетекчилерин реформаларды ишке ашырууда өтө жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Билим берүү жаатында аткарылып жаткан реформаларды ишке ашыруу үчүн мектеп жетекчилери жигердүү иш алып бараарына ишеним артуу менен ийгилик каалайбыз!

Добавить комментарий